Чүрпөсү менен сотко жеткирилген келин эсиңиздеби? Дал ошол келиндин уулу дзюдо боюнча 1-орунду жеңгени маалым болду
Ушул жылдын 28-февралында жактоочу Замир Жоошев кыркы чыга элек чүрпөсү менен Бишкек шаардык сотуна жеткирилген келиндин сүрөтү менен бөлүшкөн. Ал коомчулукта резонанс жаратып, соттун чечими менен эркиндикке чыккан" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/jany-torolgon-ymyrkaiy-menen-kamakta-karmalyp-kelgen-ayal-erkindikke-chykty/">чыккан.
Жактоочу Замир Жоошев соцтармактагы баракчасына дал ошол келиндин 13 жаштагы уулу өлкөнүн желегин Орусияда желбиреткенин жазды.
"13 жаштагы Омар Орусиянын Оренбург шаарында өткөн дзюдо боюнча эл аралык турнирде 1-орунду ээлеп, Кыргызстандын желегин желбиретти. Омар ким? Ал СИЗОдо наристесин төрөп, кийин Бишкек шаардык соту тарабынан эркиндикке чыгарылган келиндин уулу. Балдарынын жанында болуп, алардын жетишкендиктерине энелик салымын кошуп жатат. Бул кандай жакшы", - деп жазды ал.