Abank
SerepTV Logo

Кыргызстанга кызамыкка каршы 755 миң вакцина келди. Эмдөө башталат

Кыргызстанга кызамыкка каршы 755 миң вакцина келди. Эмдөө башталат
Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгеден кызылча-кызамык вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Кызылча-кызамык вакцинасы – бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган. Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр - инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу, ал 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет. Бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделмекчи. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат.