Кыргызстанга кирүү жана өлкөдөн чыгуу эрежелери
Кыргыз жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык аба каттамдар жана унаа каражаттары менен чек араны кесип өтүүдө ПЦР-тестинин терс жыйынтыгын (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө тастыктаманы көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу Ыкчам штабдан билдиришти.
https://web.telegram.org/k/assets/img/emoji/1f4f2.png" alt="?" />ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик версиясы үчүн “COVID-19суз саякаттайм” мобилдик тиркемесин колдоно алышат.
https://web.telegram.org/k/assets/img/emoji/2708.png" alt="✈️" />Учактын ичинде милдеттүү түрдө беткап тагынуу жана антисептиктерди колдонуу керек, ошондой эле COVID-19дун клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр гана киргизилет. ПЦР-тестинин мөөнөтү объективдүү себептерден улам (72 саат) аяктаган учурда жүргүнчүлөр экспресс-тесттен өтүүгө милдетүү.
https://web.telegram.org/k/assets/img/emoji/1f4cc.png" alt="?" />12 жашка чейинки балдарга эмдөө сертификаты же терс ПЦР-тест керек эмес.
https://web.telegram.org/k/assets/img/emoji/1f4d1.png" alt="?" />ПЧР-тестинин терс натыйжасы (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсу жөнүндө тастыктама өлкөдөн чыгуу үчүн да талап кылынат.