Abank
SerepTV Logo

Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцина келди

Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцина келди
Кыргызстанга 20 миңден ашык доза COVID-19га каршы вакцина келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Республикалык иммунопрофилактика борборунун борбордук кампасына Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасынын 20 160 дозасы келип түштү. Калктын эң аялуу катмары COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү үчүн алар өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратылат. COVAX уюму тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу жеткирилген вакциналардын жалпы баасы 136 миң долларды түзөт.
«COVID-19 программаларын колдоонун алкагында учурда 58 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан, 2024-жылы COVID-19га каршы эмдөө иштерин улантууда. Өлкөдө COVID-19 кырдаалы туруктуу болгону менен эмдөө бул оорунун татаалдашынан коргойт жана тобокелдикти олуттуу түрдө азайтат»
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="227532,227533,227534"]