Кыргыз жарандары эми Мальдив аралдарына визасыз кире алышат
Тышкы иштер министрлиги туруктуу жана системалуу негизде Кыргыз жарандарынын чет мамлекеттерге визасыз каттамдарын кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
"Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык талаптар жокко чыгарылды, эми Мальдив аралдарына жалпы паспорт менен кирип, келишим күчүнө киргенден кийин бул өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат. Учурда тиешелүү эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболор жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.