Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык сынакта медаль жеңишти
Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 72 окуучу катышты.
Кыргызстан командасы:
1. Фёдор Корнияш, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль;
2. Тимур Акенеев, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль;
3. Султан Мусаходжаев, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы – коло медаль;