Кыргызстандык окуучулар математика боюнча Азия-Тынч океан олимпиадасында медалдарга ээ болушту
Быйыл математика боюнча Азия-Тынч океан 34-олимпиадасында Кыргызстандын эки окуучусу эки коло медалга ээ болушту. Бул маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Олимпиададан коло медаль алгандар:
№ 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш. Мугалими - Мамат Ишматов.
Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин 11-классынын окуучусу Тилек Аскербеков. Мугалими - Азамат Аскаров.
Кыргызстандык окуучулар математика боюнча Азия-Тынч океан олимпиадасына 2009-жылдан бери катышып келишет. Бул жылдар аралыгында Кыргызстандын курама командасы 9 коло медалга ээ болду.
Фёдор Корнияш Казакстанда өткөн математика боюнча республикалык олимпиадада да биринчи" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kyrgyzstandyk-okuuchu-kazakstanda-otkon-respublikalyk-olimpiadada-1-orundu-bagyntty/">биринчи орунду алган.