Кыргызстандык окуучу химия боюнча эл аралык сынакта коло медаль алды
Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин 11-классынын окуучусу Иван Решетников 57-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү минисрлигинен билдиришти.
Менделеев химия олимпиадасы 30-апрель - 7-май күндөрү аралыгында Астана шаарында өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышкан.