Abank
SerepTV Logo

Кыргызстандык Кадыр Сайдилкан уулу Эверест чокусун багындырды

Кыргызстандык Кадыр Сайдилкан уулу Эверест чокусун багындырды
Кыргызстандык Кадыр Сайдилкан уулу Эверест чокусун багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. "Жараткандын буйругу менен кечээ, 17-майда дагы бир изги тилегим ишке ашты! Кечээ күнү эртең мененки саат 07:40та дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверест чокусунда туруу бактысына бөлөнүп, кыргыз элим үчүн жакшы тилектерди кылуу буюрду! Бул жолу да адаттагыдай эле кыргыз желеги, ак калпак жана кыргыздын баа жеткис байлыгы, асылы, баалуулугу 20-кылымдын гомери Саякбай Карала уулу атабыздын вариантында жазылган "Манас" эпосунун академиялык томдугу мени менен Эверест чокусунда чогуу болду. Кыргыз айымы эч качан кор болбосун, зордолбосун, уурдалбасын, сый урмат, сүйүү, бакытка бөлөнүп жашасын деп чокудан тилек кылдым! Чокуда айтам деген Манасым айтылбады, кыргыз элиме айтам деген сөздөрүм айтылбады, тартам деген сүрөт, тасмаларым тартылбады. Себеби аба ырайы абдан катаал болуп, киши учурчудай, кабаттап кийген кийимге карабай сөөктөн өткөн суук жолтоо болду", - деп жазды ал.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от Kadyr Saydilkan (@skadyr)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

23:00 27.04.2026

Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизди

05:04 03.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026