Royal
SerepTV Logo

Кыргызстандык 17 окуучу биология боюнча британ олимпиадасында 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медаль жеңишти

Кыргызстандык 17 окуучу биология боюнча британ олимпиадасында 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медаль жеңишти

Кыргыз Республикасынын 17 мектеп окуучусу биология боюнча британ (British Biology Olympiad 2024) олимпиадасында 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 1000ден ашуун мектептен 15 миңден ашуун окуучу катышкан.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1. Данияр Гаипов, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль; 2. Арген Ишеналиев, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясы, 11-класстын окуучусу – алтын медаль; 3. Азирет Анварбеков, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль; 4. Нурсултан Увалиев, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейи, 10-класстын окуучусу – алтын медаль; 5. Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 экологиялык-экономикалык лицейи, 9-класстын окуучусу – алтын медаль; 6. Байзак Карыпжанов, “Манас-Ата” Талас лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль; 7. Рахман Марат уулу, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль; 8. Айбийке Базарбаева, Бишкек шаарындагы United World International School, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль; 9. Дамир Маджунов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класстын окуучусу – күмүш медаль; 10. Али Эшматов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль; 11. Өмүрбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класстын окуучусу – күмүш медаль; 12. Алихан Жуссипахмет, Бишкек шаарындагы QSI, 9-класстын окуучусу – күмүш медаль; 13. Нурбол Акматалиев, Бишкек шаарындагы American-European School, 10-класстын окуучусу – коло медаль; 14. Элхан Акимов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 9-класстын окуучусу – коло медаль; 15. Мелита Самиева, “Айчүрөк” Бишкек кыздар лицейи, 11-класстын окуучусу – коло медаль; 16. Мухтадил Хамитжанов, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 9-класстын окуучусу – коло медаль; 17. Алмамбет Абдылдаев, Кант шаарындагы Д.П.Зубков атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясы, 11-класстын окуучусу – коло медаль;

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="229500,229501,229502,229503,229504,229505,229506"]