Кыргызстандан пиязды чыгарууга 3 айга тыюу салынды
Министрлер кабинети 31-январдан тартып үч айлык мөөнөткө пиязды Кыргызстандын аймагынан чыгарууга тыюу салды. Бул тууралуу Айыл чарба министлигинен билдиришти.
"Пияз-шалот, көк пияз жана башка пияз сымал жашылчалар убактылуу чектөө киргизүү боюнча токтом кабыл алынды. Токтом өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды",- деп айтылат маалыматта.