Abank
SerepTV Logo

Кыргызстанда сасык тумоонун коркунучтуу түрү - чочко тумоосу катталды

Кыргызстанда сасык тумоонун коркунучтуу түрү - чочко тумоосу катталды

2022-жылдын эпидемиологиялык сезонунда Кыргызстанда сасык тумоонун 99 учуру катталды.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, алардын 92си лабораториялык жактан тастыкталган. «Сентябрь айында В гриппинин вирусу катталды, 14-20-ноябрь аралыгында чочко тумоосунун 34 учуру аныкталды», - деп билдиришти.

Чочко тумоосу - бул сасык тумоонун эң коркунучтуу түрү. 28-ноябрдан 4-декабрга чейин сасык тумоонун 62 учуру катталган. Дарыгерлер чочко тумоосу өтө жугуштуу жана өтө оор экенин эскертишүүдө.

Чочко тумоосунун белгилери:

  • баш жана булчуңдун оорушу; 
  • кургак жөтөл, мурундун агышы, ангина, абанын жетишсиздиги;
  • дене таптын 38-39 градуска чейин жогорулашы;
  • алсыздык;
  • оорунун тез өнүгүшү, абалдын тез начарлашы.