Кыргызстанда келерки аптада суук түшөт
Келерки аптада Кыргызстанда күн сууктай турганын бүгүн, 14-октябрда Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Учурда абанын орточо температурасы +23 градус болууда, жакынкы эки күндө +26...+28ге чейин жылуу болот. «Кийинки аптада абанын температурасы орточо эсеп менен +16...+19 градуска чейин түшөт. Кыргызстандын түштүгүндө аба ырайы жылуу болот. Жаан-чачын күтүлөт», - дешти синоптиктер.