Royal
SerepTV Logo

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституциянын долбоору боюнча референдумга добуш берүү аяктады

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституциянын долбоору боюнча референдумга добуш берүү аяктады
Кыргызстандын аймагында бүгүн, 11-апрелде саат 08:00дөн тарта Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоо тилкелеринин эшиги саат 20:00дө жабылды. Ал эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелери ошол жердин убактысы менен саат 08:00 — 20:00 аралыгында ачык болот. Референдум өттү деп тааныш үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын 30 пайызынан көбү референдумда добуш бериши керек.
  • Бүгүн 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттары шайланды.
  • 28 шаардык кеңеште 796 депутат шайланат.
Шаардык кеңештерге талапкерлерин көрсөткөн партиялардын саны:
  • Бишкек шаарында 25;
  • Ош облусунда
- Ош шаарында 9; - Ноокат шаарында 5; - Өзгөн шаарында 7.
  • Жалал-Абад облусу
- Жалал-Абад шаарында 5; - Кербен шаарында 5; - Көк-Жаңгак шаарында 3; - Майлуу-Суу шаарында 5; - Кочкор-Ата шаарында 5; - Кара-Көл шаарында 7; - Базар-Коргон шаарында 5.
  • Баткен облусунда
- Баткен шаарында 9; - Кызыл-Кыя шаарында 12; - Сүлүктү шаарында 7; - Кадамжай шаарында 11; - Айдаркен шаарында 8; - Исфана шаарында 9.
  • Талас облусунда
- Талас шаарында 11.
  • Нарын облусунда
- Нарын шаарында 9.
  • Ысык-Көл облусунда
- Каракол шаарында 17; - Балыкчы шаарында 14; - Чолпон-Ата шаарында 7.
  • Чүй облусунда
- Кемин шаарында 9; - Орловка шаарында 5; - Шопоков шаарында 7; - Кайыңды шаарында 6; - Кант шаарында 10; -Токмок шаарында 5.