Abank
SerepTV Logo

Кыргызстанда эки күндүк ымыркайдын жүрөгүнө операция жасалды

Кыргызстанда эки күндүк ымыркайдын жүрөгүнө операция жасалды
Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайга стент коюу операциясы жасалды. Бул тууралуу маалымат Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун соцтармактагы баракчасында жарыяланды.

Сейрек кездешүүчү жана оор жүрөк оорусуна чалдыккан баланын ата-энеси дарыгерлерге кайрылышкан. Ымыркайдын абалы өтө оор болгон. 

Маалым болгондой, хирургиялык кийлигишүү Оштогу кыргыз-орус клиникасынын базасында жасалган. Ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн Бишкектен өлкөнүн башкы кардиохирургиялык борборунан кардиохирургдар, перфузиологдор, анестезиологдор, эндоваскулярдык хирургдар бригадасы барышкан.