Кыргызстанда балдардын укугун коргоонун бир айлыгы жарыяланды
Кыргызстанда балдардын укугун коргоонун бир айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун жетекчиси Аскат Азарбеков маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул пландаштырылган иш-чара. "Биз аны 15-февралдан тарта баштайлы дегенбиз, бирок Сокулуктагы окуя азыр баштоого түрткү болду», - деди ал.
3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/sokulukta-2-jashtagy-bala-dene-jarakattary-menen-oorukanaga-tyshty/">маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/sokulukta-kogala-bolup-oorukanga-tyshkon-2-jashtagy-balany-apasy-sabagan/">жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/sokulukta-kogala-bolup-oorukanaga-tyshkon-balany-saboogo-shektyy-karmaldy/">жаран кармалган. Ал соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/sokulukta-2-jashtagy-balanyn-sabalyshy-shektyy-2-aiga-kamakka-alyndy/">калтырылган. Ал эми бүгүн, 7-февралда бала буга чейин да кулагы сынган абалда ооруканага жеткирилгени маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/sokulukta-kogala-bolup-sabalgan-bala-buga-cheiin-da-kulagy-syngan-abalda-oorukanaga-jetkirilgen/">маалым болду.