Кыргызстанда 349 жаран өмүр бою эркинен ажыратылган
Бүгүнкү күнү 349 жаран өмүр бою эркинен ажырап, абакта жатат. Бул тууралуу комитет жыйынында Жаза аткаруу кызматынын башчысы Кемел Садыков билдирди.
"Аялдар үчүн 1 эле №2 мекеме бар. Ал жерде 224 соотолгон аял кармалат", - деди ал.
Ал ошондой эле акыркы 9 ай ичинде соттолгон 29 жарандардын каза болгонун айтты. "Алардын үчөө киши өлтүрүү, бирөөсү өлүмгө алып келген зыян келтирүү, калганы ден соолугуна байланыштуу", - деди ал.