Abank
SerepTV Logo

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. 14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргыз жарандары курман болду. Каза болгондорго терең кайгыруу менен аза күтүп, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат:
  • Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 19-сентябры улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын;
  • Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн;
  • маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.