Abank
SerepTV Logo

Кыргызстан Түркияга 63 куткаруучусун жөнөттү

Кыргызстан Түркияга 63 куткаруучусун жөнөттү
Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы. Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар. Жакынкы арада Түркия Республикасына гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.