Abank
SerepTV Logo

Кыргызстан бул жайда орусиялыктар арасында эң популярдуу үч өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан бул жайда орусиялыктар арасында эң популярдуу үч өлкөнүн катарына кирди

Түркия бул жайда орусиялыктар арасында эң популярдуу өлкөгө айланды. Алыска чет өлкөлөргө сатылган бардык билеттердин 19 пайызы Түркияга туура келгенин Afisha Daily Kupibilet туристтик сервисине шилтеме берүү менен жазды.

Түркиядан кийин Италия (4 пайыз), андан ары Бириккен Араб Эмираттары (3 пайыз), Испания (3 пайыз) жана Германияга (3 пайыз) билет алышкан. Жакынкы чет мамлекеттердин багыттарынын ичинен Армения алдыда турат – сегиз пайыз. Андан кийин Кыргызстан (жети пайыз) жана Тажикстан (беш пайыз).