Abank
SerepTV Logo

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча делегациясы Душанбеде протоколго кол коюшту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча делегациясы Душанбеде протоколго кол коюшту
Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 4-августтан 10-августка чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлган. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында болоору пландалууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="194759,194760,194761"]