Кыргызстан менен Омандын футболдук беттеши. Айрым көчөлөр жабылат
Бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча курамаларынын беттеши өтөт.
Футбол командаларынын беттешине байланыштуу унаа каражаттарынын кыймылына саат 14:00дөн баштап 22:00гө чейин убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Алар:
- Тоголок Молдо көчөсү, Чүй простпектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсү, Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.