Abank
SerepTV Logo

Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде 50 тепкичке төмөндөдү

Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде 50 тепкичке төмөндөдү

Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча өлкөлөрдүн жаңы рейтингинде 50 позицияга төмөндөп, 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга ээ болду. Рейтингди бүгүн, 3-майда Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүндө "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму жарыялады.

Авторлор белгилегендей, кыргыз өкмөтү мурдагыдай эле бардык салттуу маалымат каражаттарын көзөмөлдөп, өз таасирин жеке маалымат каражаттарына жайылтууга аракет кылууда.

«Акыркы жылдары чиновниктер цензураны күчөтүүгө жана басма сөз эркиндигин чектөө үчүн мыйзам чыгарууга аракет кылышты. 2020-жылдагы ийгиликсиз аракетинен кийин президент Садыр Жапаров 2021-жылы “жалган маалымат” таратууга каршы делген мыйзамга кол койгон", - деп айтылат маалыматта. 

https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/05/295416_w_h500_1683096809_r.png" alt="" width="1119" height="452" />