Abank
SerepTV Logo

Чек арадагы жаңжалда мерт болгондордун жакындарына берилүүчү кенемтенин көлөмү аныкталды

Чек арадагы жаңжалда мерт болгондордун жакындарына берилүүчү кенемтенин көлөмү аныкталды
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда мерт болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга бир жолку төлөнүүчү кенемте тууралуу долбоорду даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир миллион сомдон берилет. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен оор жараат алды дегендер 100 миң сомдон алат. Азыраак жараат алгандарга 50 миң, ал эми жарааты жеңилдерге 30 миң сомдон бөлүнөт. Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.
Unknown Author