Abank
SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 121ге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 121ге жетти
17-сентябрь саат 14:00гө карата саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 121ге жетти, 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 1. Баткен облустук бириккен ооруканасында 41 жабырлануучу; 2. Лейлек ЖДПБ 35 жабырлануучу; 3. Кулунду ЖДПБ - 3 жабырлануучу; 4. Сүлүктү ЖДПБ - 6 жабырлануучу; 5. Улуттук госпиталда 21; 6. Улуттук хирургиялык борбордо 1; 7. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 6; 8. Ош облустук бириккен ооруканасында 1 жабырлануучу бар.