Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 103кө жетти
17-сентябрь саат 9:00гө карата куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 103 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасында 41 жабырлануучу;
2. ЖДПБ Лейлек 21 жабырлануучу;
3. ЖДПБ Кулунду 3 жабырлануучу;
4. ЖДПБ Сүлүктү 6 жабырлануучу;
5. Улуттук госпиталда 20 жабырлануучу;
6. Улуттук хирургия борборунда 1 жабырлануучу;
7. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда 6 жабырлануучу бар.