Abank
SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 11 жаран жаракат алып, ооруканага түштү

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 11 жаран жаракат алып, ооруканага түштү
Саат 10:00гө карата Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 11 жаракат алган жаран ооруканага жеткирилгенин билдиришти. "Алардын диагноздору тууралуу маалыматты кийинчерээк беребиз. Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана Тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар", - деп айтылат маалыматта.