Чек арадагы атышуу. Чоң-Алайдагы 5 айылдын тургундагы эвакуацияланды
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы 5 айылдын тургундары эвакуацияланды. Маалыматты журналисттерге Жекенди айыл өкмөт башчысы Болот Нышанбаев билдирди.
Айыл өкмөттө 5 айыл бар. Алар - Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Шиби жана Чулук. Тиешелүү буйрук жарандык коргонуу комититинен келген.
Буга чейин Чек ара кызматынан тажик тарап Оштун Чоң-Алайындагы чек ара заставаларына ок чыгарганын билдиришкен." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/chek-ara-kyzmaty-tajik-tarap-oshtun-chon-alaiyndagy-chek-ara-zastavalaryna-ok-chygardy/">билдиришкен.