Abank
SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Бүгүн, 25-июлга карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Чек ара кызматы 24-июлунда Баткендеги Дача тилкесинде эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында чек ара өкүлдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу өткөнүн билдирди. Ага ылайык:
  • Укук коргоо органдары тарабынан коюлган көзөмөл-өткөрүү пункттарын алып салуу
  • Милиция менен Ак-Сай (Кыргызстан) - Ходжай-Аало айылы (Тажикстан) каттамы боюнча биргелешкен күзөттөрдү жүргүзүү
  • Чек арага жакын аймактарда чек ара окуясына айланып кетиши мүмкүн болгон чыр-чатактарды болтурбоо боюнча чараларды көрүү макулдашылган.
"Анын ичинде тажик тарап кыргызстандык милиционердин унаасына келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр",- деп айтылат маалыматта.