Abank
SerepTV Logo

Кыргыз Эл артисти Сталбек Бактыгулов 69 жашында дүйнө салды

Кыргыз Эл артисти Сталбек Бактыгулов 69 жашында дүйнө салды

Кыргыз Республикасын эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Сталбек Бактыгулов 1954-жылы 7-октябрда Чүй районунун Кегети айылында туулган. 1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган. Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 31-августта саат 15:00дө Чыгыш-5 кичи районундагы өзү жашаган үйдө өтөт.

Unknown Author