Abank
SerepTV Logo

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документтер бекитилди

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документтер бекитилди
Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жумушчу топтордун жыйындары жана Биргелешкен демаркация комиссиясынын биринчи отуруму өттү. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы талкууланды. Биргелешкен демаркация комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында тараптар мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди бекитишти. Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.