Кыргыз-кытай чек арасы 4-апрелде убактылуу жабылат
УКМКнын Чек ара кызматынан кытай тараптын демилгеси менен КЭР Цинмин майрамы - курман болгондорду эскерүү майрамы белгиленерине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү жайлары 4-апрелде убактылуу жабык болоорун маалымдады.
“Эркечтам-автожол” жана Торугарт-автожол“ адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 5-апрелден баштап жанданат.