Abank
SerepTV Logo

Кыргыз жараны Орусияга баргандан 1 айдан кийин ооруканада каза болду

Кыргыз жараны Орусияга баргандан 1 айдан кийин ооруканада каза болду
Орусиянын Иркутск облусундагы Бодайбо шаарында 1973-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны каза болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка караганда, жаран ушул жылдын 17-майында Бодайбо шаарына кен байлыктарды казуу боюнча «Артель Старателей Витим» компаниясына иштөө үчүн барган. 17-июнда ден соолугунун начарлашына байланыштуу Перевоз айылындагы ооруканага жаткырылган, 22-июнда ошол эле ооруканада каза болгон. Азыркы кезде каза болгон жарандын сөөгү Бодайбо шаарындагы өлүкканага жеткирилүүдө. Ал жерден каза болуусунун себептерин аныктоо үчүн соттук-мадициналык экспертиза дайындалат. Элчиликтин Иркутск шаарындагы Кеңсеси каза болгон жарандын туугандары жана жогоруда белгиленген «Артель Старателей Витим» компаниясынын өкүлдөрү менен байланышта, ошондой эле сөөктү мекенине алып кетүү боюнча керектүү жардам көрсөтүлүүдө.