Abank
SerepTV Logo

Күн күркүрөп, өткүн өтөт. 30-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Күн күркүрөп, өткүн өтөт. 30-августка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 30-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31, Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25, Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +28…+30 градус болот.