Abank
SerepTV Logo

Акыркы эки күндө күйүүчү майдын баасы 1 сомдон ашык кымбаттады

Акыркы эки күндө күйүүчү майдын баасы 1 сомдон ашык кымбаттады
Акыркы эки күн ичинде Бишкекте күйүүчү жана майлоочу майларга баа өсүп кетти. Бейшемби күнгө салыштырмалуу баалардын өзгөрүшүн көрсөтүү үчүн май куюучу жайлардын бирин мисал келтирели:
  • Аи-92 — 43,9 сом (1,4 сомго жогорулады);
  • Аи-95 — 45,9 сом (1 сомго жогорулады);
  • Дизель майы — 41,5 (0,6 сомго жогорулады).
Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы мартта 6-7 сомго кымбаттай турганын билдиришкен эле. Ал эми энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев бензиндин 10 сомго, ал эми дизелдик майдын 4,8 сомго чейин кымбатташы күтүлүп жатканын айткан.