Abank
SerepTV Logo

"Кыйынчылыкта да бирге болуш керек" дейт төшөктө жатып калган жубайын баккан киши

"Кыйынчылыкта да бирге болуш керек" дейт төшөктө жатып калган жубайын баккан киши
Бул жолку каарманыбыз 60 жаштагы Камчыбек Момункулов. Ал 7 жылдан ашык убакыттан бери төшөктө жатып калган жубайын багып келет. 24 саат бою жубайынын жанынан чыкпаган Момункулов анын тамак-ашын берет, жуунтат, сүйлөшөт, сейилдетет... Ал бул видеодо жубайына болгон сүйүүсү, камы тууралуу айтып берди. Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: О!Деньги: 0704 26 66 07 Мбанк: 0704 22 56 33 Банктык эсеп: 1032 9202 0367 7277 (Элмира Аскарова). "1997-жылы кыз төрөгөндө катуу ооруп калды. Дарыгерлер көрүп, операция кылыш керек дешти. Эмне болгонун өзүбүз да түшүнбөй калдык. Колуман келишинче жакшы көргөн тамактарын жасаганга аракет кылам. 1 айда бир жолу жакшы жуундурабыз, ал эми башын жума сайын жууп турабыз", - дейт ал. "Биз жаш кезибизде  баш коштук. 3 бала төрөп берди. Неберелүү болуп калдык. Ооруганда кантип таштап кетем. Кыйынчылыкта да бирге болуш керек. Мен жигиттерге ушуну айткым келет", - дейт ал.