Abank
SerepTV Logo

Курманжан Датканын кичи мекенинде эстелиги тургузулду

Курманжан Датканын кичи мекенинде эстелиги тургузулду

25-апрелде Жапалак айыл өкмөтүнүн Орке айылында Курманжан Датканын эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назилбеков, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана жергиликтүү тургундар катышкан. Эстелик Ош шаардык кеңешинин депутаты Бексултан Үсөновдун жана жергиликтүү элдин демилгеси менен тургузулган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="176680,176681,176682"]