Royal
SerepTV Logo

«Кудайберген» базарынын соодагерлери да митингге чыгышты (видео)

«Кудайберген» базарынын соодагерлери да митингге чыгышты (видео)
Бүгүн, 2-декабрда «Кудайберген» базарынын соодагерлери ККМ жана ЭТТН киргизүүгө каршы митингге чыгышты. Алар базардын борбордук бөлүгүнө чогулушту. ⠀ Алардын талаптары башка базарларда иштеген ишкерлердин талаптары менен бирдей: кассалык аппараттарды колдонууну жоюп, мурдагы салык системасына кайтуу. Башкача айтканда, соодагерлер патенттин негизинде иштөөгө уруксат берүүнү талап кылууда. Учурда базардагы контейнерлер жабык.