Royal
SerepTV Logo

"Крокустагы" кандуу окуяда миңден ашуун кишини сыртка чыгарганын айткан Белек окуя тууралуу айтып берди

"Крокустагы" кандуу окуяда миңден ашуун кишини сыртка чыгарганын айткан Белек окуя тууралуу айтып берди
22-мартта Орусиядагы "Крокус сити холлдогу" кандуу окуяга катышып, окуя тууралуу айтып берип жаткан Белек аттуу өспүрүмдүн видесу тарады. Ал жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Ислам менен 5-6 жылдан бери тааныш, дос экенин айтты. "Мен 22-мартта жумушка келдим. Саат 20:00 чамасында атышуунун үнүн уктум. Эмне болуп жатканын башында түшүнгөн жокмун. Мен адамдарга акырын сүйлөсөм, эч ким уккан жок. Анан кыйкырууга туура келди. Гардеробдо 1500дей кишини эшикке чыгарып, акырында өзүм чыктым", - деди ал.