Abank
SerepTV Logo

"Крокуста" эрдик көрсөткөн жигиттер Мамлекеттик Думага чакырылат. Арасында Ислам да бар

"Крокуста" эрдик көрсөткөн жигиттер Мамлекеттик Думага чакырылат. Арасында Ислам да бар
"Крокус сити холлдогу" теракт учурунда адамдардын өмүрүн сактап калган жигиттер Мамлекеттик Думага чакырылат. Бул тууралуу үй-бүлөнү коргоо комитетинин башчысы Нина Останина билдирди. Алардын арасында Ислам Халилов, Никита Иванов, София Майер, Артем Донсков жана башка жигиттер бар экени айтылды. «Достор! Мен 22-мартагы каргашалуу күнү «Крокуста» эч нерседен коркпой, кайраттуу иштерди жасаган жигиттердин ысымдарын угуп жатам. Биз бул эр жүрөк балдарды жана кыздарды сөзсүз түрдө ата-энелери менен бирге Мамлекеттик Думанын комитетине чакырабыз», — деп жазган ал.