Royal
SerepTV Logo

"Криминалдар «дань» сурап келсе, кайрылгыла". УКМК эскертүү жарыялады

"Криминалдар «дань» сурап келсе, кайрылгыла". УКМК эскертүү жарыялады
УКМК ИИМ менен биргеликте эскертүү жарыялады. "Кимде-ким криминалдык топтор менен коюн-колтук алышып, бирге бизнес кылып, бизнеси менен бөлүшүп, же ай сайын бизнесинен «отметка» кыла турган болсо, анда мыйзам чегинде жооп берет. Эгер кокус эле бизнесмендерден, ресторан ээлеринен, завод-фабрикалардын кожоюндарынан криминалдар «дань» сурап келе турган болсо, анда дароо УКМКга же ИИМге кайрылгыла. Түп-тамыры менен жок кылабыз! Мындан ары Кыргызстанда криминалдык топ деген түшүнүк болбойт", - деп маалымат таратып, телефон номурларды бөлүштү. Телефондор: УКМК 0312 66-04-75; 62-65-04. УКМКнын аймактык башкармачылыктары: • Чүй облусу — (0312) 54-07-19; • Жалал-Абад облусу — (03722) 5-60-49; • Ош облусу: — (03222) 2-30-78; • Ысык-Көл облусу — (03922) 5-11-80; • Талас облусу — (03422) 5-20-43; • Нарын облусу — (03522) 5-08-49; • Баткен облусу — (03622) 5-00-33.