"Көзүңдү оюп алам" деп жатты". Кулак-мурду кескиленген келин шектүүнүн өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылды
Мыйзам алдында алсыз болгондуктан үй-бүлөм туруштук бере алган жок. Жазында бул кылмышкерди сот шарттуу түрдө бошоткондо мен жалдырап, ыйлап, соттордун мындай кылбашын сурангам, ошондо эле менин жанымды койбошун түшүнгөм. Мен сотторго эгер аны коё беришсе, мени өлтүрүп саларын айткам, бирок мени менен эч ким сүйлөшкүсү келген жок. Апелляциялык арыз менен кайрылсам, кайра сот 29-августта болорун айтышты. Бирок ал күнкү сот 27-сентябрга жылдырылды. Бир айга жылдырышты, бир ай менин жанымды койгон жок. Бир судья пробация берет, экинчиси ошол эле берене боюнча 8 жыл мөөнөт берет... Суроолор көп, бирок жооп жок. Анан бул аракеч-кылмышкер колунан баары келерин түшүндү. Сот кийинкиге калтырылганда, ал мени күнүгө аңдып баштады. Акырында ал муну кылды. Эгер кошуналарым болбогондо өлтүрүп салмак. Ал "азыр көзүңдү оюп алам" деп жатты, ошол маалда милиция келгенин түшүндүм. Кудайга миң мертебе ыраазымын, мен аман калдым. Менин балдарым бар. Алар үчүн жашайм. Мен бул кылмышкер өмүр бою эркинен ажыратылышын, анын аракетин колдогон адамдардын эл алдында кызматтан алынып, жазаланышын талап кылам. Бул баарына үлгү болсун. Мен жана менин үй-бүлөм тарткан азапты Кыргызстанда эч бир аял тартышын каалабайм", - деди ал.