8-декабрга карата каза болгон 30 медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнүн ар бирине 1 миллион сомдон төлөнүп берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратты. Ага ылайык, жогорудагы компенсация төлөмдөн тышкары 608 медициналык кызматкер 200 миң сомдон алышкан. Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда.
Акжол Махмудов Кыргызстандын жаш футболчулары менен жолукту (сүрөт)
Кыргызстандын жаштар курама командасы Париж Олимпиадасынын коло медалынын ээси, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын 3 жолку...