Abank
SerepTV Logo

Коргоо министрлиги: "Атамбаевдин, Ташиевдин балдары армияда кызмат өтөшкөн"

Коргоо министрлиги: "Атамбаевдин, Ташиевдин балдары армияда кызмат өтөшкөн"
Кайсы депутаттар, министрлер, экс-премьер-министрлер жана чиновниктердин балдары аскерге барганын Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовго кайрылып, сурады. «Биздин кызматта кимдин баласы экенин карашпайт. Бирок депутат Искендер Матраимовдун, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, генерал Камчыбек Ташиевдин балдары кызмат өтөшкөн», - деди коргоо министринин орун басары.