Abank
SerepTV Logo

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнө салды

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнө салды
Бүгүн, 15-ноябрда Бишкекте “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын мурдагы президенти, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу маалыматты "Манас" театрынан таратышты. Маалыматтарга караганда, сөөгү 17-ноябрда Аксы районунда жерге берилет. Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Топчубек Тургуналиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.