"Коңшу өлкөнүн акимдери келип". Баткенде Нооруз майрамы сүмөлөктү ачуу менен башталды
Баткен шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чаранын биринчи бөлүгү алгач Нооруздун урматына даярдалган сүмөлөктү ачуу менен башталды. Ага облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Акыйкатчы Атыр Абдрахматова, кошуна Өзбекстандын Сох жана Рыштан райондорунун акимдери катышып, эл-жерге тынчтык, токчулук, молчулук каалап, сүмөлөктөн ооз тийди. Бул тууралуу президентттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Андан соң, боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш жарманкелери уюштурулду. Маданият өкүлдөрү тарабынан театрлаштырылган көрүнүштөр, ыр, күүлөр коштолуп, концерттик программа тартууланды. Ошондой эле спорттук мелдештер да уюштурулган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="170333,170334,170335,170336,170337,170338,170339"]