Royal
SerepTV Logo

Колундагы телефонду чаап жиберген автобус айдоочусуна кандай жаза берилет?

Колундагы телефонду чаап жиберген автобус айдоочусуна кандай жаза берилет?
№152 автобустун айдоочусу жүргүнчүнүн колундагы телефонун чаап жиберген. Бул тууралуу соцтармактарга видео тарады.  Видеонун авторунун айтымында, айдоочу жол киренин накталай төлөөнү талап кылган. «Аны тартып баштаганда телефонду колумдан түшүрө чапты», —" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kolundagy-telefondu-chaap-jibergen-avtobus-aidoochusunun-videosu-tarady/"> деп жазган ал.  Бишкек шаардык мэриясы Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасына шилтеме берүү менен окуя боюнча үн катты. №152 автобустун айдоочусу жүргүнчүнүн колунан телефонун чаап жиберген айдоочу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Айдоочу линиядан чыгарылып, иш техникалык кеңештин кароосуна берилет.