Колу кайрылып калганына карабай, сүрөт тарткан окуучу: "Көргөнүмдү кагазга түшүргөн жагат"
Уларбек Токтобеков Нарын облусуна караштуу Дөбөлү айылынын жашоочусу, 8-класста окуйт. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай үй оокаттарында таенесине кол кабыш кылып, мектепте алдыңкы окуучулардын катарында окуйт.
"Мен сүрөт тартканды кичинемден бери жакшы көрөм. Азыркыга чейин тартам. Сүрөттү аягына чыккым келбей калат, ошондой учурда таштап коюп, эртеси уланта берем. Өзүмө табият жагат, көргөнүмдү кагазга түшүргүм келет. Көбүнчө тоолорду, жаратылышты тартам. Унааларды да жакшы көрөм. Адамдарды кемсинткенди жаман көрөм. Сынактарга катышам. Алдыңкы орундарды алып келгем. Күнүнө 2-3 сүрөт тартам",- деди ал.