Колу чыканагынан ылдый кесилген наристенин бүгүнкү абалы кандай болуп калды?
Өткөн жылдын февраль айында милиция маалымат таратып, Токтогулда ымыркайдын колу чыканагынан ылдый кесилгенин, иш боюнча дарыгерлер сурак бергенин билдирген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kolun-chykanagynan-yldyi-kesip-salgan-ymyrkai-boyuncha-darygerler-surak-berishti/"> билдирген.
- Токтогул районунун 25 жаштагы тургуну 2023-жылдын 24-февраль күнү Токтогул райондук прокуратурага арыз менен кайрылып, ал 2023-жылы туулган баласы денесине ар түрдүү нерселер чыгып дене табы көтөрүлгөндүктөн, Токтогул райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө кайрылгандыгын айтып берген. Ооруканада дарыгерлер уулунун колуна туура эмес укол сайышып, анын кесепетинен Бишкек шаарындагы балдар ооруканасында оң колун чыканактан ылдый жагы кесилип, ампутация болгондугун билдирип, Токтогул райондук оорукананын окуяга тиешеси бар дарыгерлерди мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган.