"Көл тартылыптыр". Июлда көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы Аишаны ата-энеси издеп жатат
18-июль күнү Тору-Айгыр айылында көл жээгинде желденме матраста сууга түшүп жатып сууга чөгүп" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ysyk-koldo-4-jashtagy-kyz-suuga-chogyp-ketti/">чөгүп кеткен 4 жаштагы Аишаны апасы менен атасы издеп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинен апасы билдирди.
"Көл 7-8 метрге тартылыптыр. Атасы экөөбүз издеп жатабыз. Экөөбүз эле болгонуна байланыштуу биринчи жээктен экинчи жээкке баргыча кеч кирип кетип жатат. Бизге азыр дрон болсо жакшы болмок", - деди апасы.
Алар ошондой эле дронго акча чогултуу үчүн номур калтырышты: 0705603704 (Элсом О Деньги)
Ушул жылдын 18-июль күнү Тору-Айгыр айылында 4 жаштагы Аиша сууга чөгүп кеткен. ӨКМ 20 күндөн кийин издөө ишин токтоткон. Ал эми кыздын атасы сөөгү жок жаназа окулганын айткан.